Бүгүн Казакстанда "Ұлы дала жорығы" эл аралык марафону башталды

Каттам Түндүк Казакстан облусунун Айыртау районундагы Ботай конушунан Астанага чейин созулуп, 500 чакырымды түзөт. Мелдешке чет өлкөдөн 8 команда жана казакстандык 9 команда катышууда.

Ал эми марафон-байгенин ачылыш аземинде "Amanat" партиясынын катчысы Ержан Жылкыбаев Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы, "Amanat" партиясынын төрагасы Ерлан Кошановдун куттуктоо катын окуду. Катта: "Улуу талаанын кең мейкиндигинде көчмөндөрдүн майрамы "Ұлы дала жорығы" марафону-байгеси менен башталат", - деп айтылат.

Мелдешке Түштүк Африка Республикасы, Иран, Түркия, Кыргызстан, Карачай-Черкес, Кабардин-Балкар, Татарстан жана Венгриядан келген командалар катышууда. Өлкө намысын Мангыстау облусунун (эки команда), Жетисуу облусунун, Алматы шаарынын, Жамбыл, Акмола, Костанай, Чыгыш Казакстан жана Актөбө облустарынын командалары коргоп жатат.

Бул мелдешке биринчи жолу Казакстандын кыздарынан түзүлгөн эки команда катышууда: Мангыстау облусунун "Суын" командасы жана Акмола облусунун "Томирис" командасы. Акмола облусунун кыздары буга чейин республикалык марафон-байгеге катышкан.

"Ұлы дала жорығы" эл аралык марафон-байгесинин уюштуруучулары казак жылкыларына өзгөчө көңүл бурду. Мелдешке Адай, Найман, Кошим, Аулие Ата, Костанай жана Жетису деген породадагы жылкылар катышууда.

Улуттук спорт түрлөрү ассоциациясынын президенти Исламбек Салжанов өз сөзүндө марафон-байге цивилизациясы Ботайдан башталарын баса белгиледи. "Ботай - бул жылкыны биринчи жолу колго үйрөткөн тарыхый жер болгондуктан ар бир адам үчүн маанилүү", - деди ал.

Ұлы дала жорығы” эл аралык марафон-байге Астанада өтө турган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башаты болду. Эскерте кетсек, республикалык “JORYQ” ат спорту федерациясы Казакстандын улуттук спорт түрлөрү ассоциациясынын курамына кирет. Ассоциациянын курамына "Көкпар", "Бәйге", "Салттуу жаа атуу", "Теңге ілу", "Аударыспақ", "Жамбы ату", "Құсбегілік", "Асық ату" жана башка федерациялар кирет.

Белгилей кетсек, 8-13-сентябрда Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, ага 89 өлкөдөн 2 миңден ашык спортчу катышат. Оюндардын башкы демөөрчүсү ALAGEUM ELECTRIC, ал эми башкы өнөктөшү Халык Банк. Астанада өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун 21 түрү боюнча 97 комплект медаль ойнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан