Тынч океандын түштүк тарабындагы жерге "2024 RW1" аталышындагы астероид түштү. Филиппинде 5-сентябрга караган түнү саат 00:45 чамасында асман кадимкидей жарык болгон. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, окумуштуулар 4-сентябрда эртең менен жерге бир метрге чейин жеткен астероид жакындап келе жатканын байкашкан. Аны АКШнын Аризона штатындагы обсерваториянын адистери табышкан.
Астероид алгач “CAQTDL2” деп аталып, андан соң окумуштуулар “2024 RW1” деген ат берди. Анын ылдыйга түшүү ылдамдыгы секундасына болжол менен 17,6 чакырымды түзгөн.
Социалдык тармактарда космостук объекттин кулаганын көрсөткөн бир нече видеотасмалар жарыяланды.