26-декабрда Ахунбаев көчөсүнөн 25 жаштагы А.Кубанычбек башкарып бара жаткан Даймлер-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус 18 жаштагы М.Берметти сүзүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен Берметтин баш мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген.
Учурда автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.