Аким алмашып, элчи дайындалды. Бир жума ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр

Кыргызстанда бир жуманын ичинде (2-сентябрдан 7-сентябрга чейин) бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Айта кетсек, 2-сентябрда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткарып жаткан Азис Сапаралиев кызматынан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 5-сентябрда жаратылыш министри болуп Медер Машиев дайындалды. Ушул эле күнү Абсаттар Сыргабаев Транспорт министрлигин жетектемей болду.

Парламент 4-сентябрда БШКнын мүчөсү Марс Наспековдун ыйгарым укуктарын токтоту чечимин кабыл алган. Анын ордуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мейкинбек Абдалиев шайланды.

5-сентябрда Кыргызстандын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Авазбек Атаханов дайындалганы белгилүү болду. Ал буга чейин тышкы иштер министринин орун басары кызматында иштеген.

Апта ичинде өлкө башчысы Садыр Жапаров Чүйдөгү Аламүдүн районунун акими Мурадин Тешебаевди кызматтан алды. Тешебаев бул кызматка 2023-жылдын март айында дайындалган болчу. Анын ордуна Азамат Эргешов келди.

Бейшембиде мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин иштен бошотуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим президенттин администрациясын реформалоонун алкагында кабыл алынганы айтылды.

4-сентябрда "Ыйман нуру" фракциясынын жаңы лидери болуп Динара Ашимова шайланды. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги “Ыйман нуру" фракциясынын мурдагы лидери Нуржигит Кадырбеков 30-августта депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арыз жазган. Ал эми БШК ошол эле күнү Кадырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

7-сентябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Анда Ажымалиев Тимурлан Максатбекович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болсо, ал эми Эсенгул уулу Чыңгыз министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан