Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
1. Бишкек жана Ош шаарларынын жана Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери 1-тиркемеге ылайык таркатылсын.
2. Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2-тиркемеге ылайык 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын.
3. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жөнгө салууну эске алуу менен өткөрүлсүн.
4. Шайлоо аракеттеринин башталган күнү болуп 2024-жылдын 17-сентябры аныкталсын.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
– жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүүнү уюштурсун;
– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү колдонсун.
Министрлер кабинети:
– Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чыгымдарынын сметасына ылайык шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын бөлсүн;
– шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
– Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;
– Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечимдерине ылайык шайлоочуларды идентификациялоо программаларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
– шайлоочуларды эсепке алуу системасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
– Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууда, ошондой эле мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын камсыз кылууда көмөк көрсөтсүн;
– добуш берүү үчүн жабдууларды коопсуз сактоону жана шайлоочуларды идентификациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.
7. Калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүүдө зарыл болгон чараларды көрсүн жана шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн.
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоого даярдык көрүүдөгү жана өткөрүүдөгү уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда көрсөтүлгөн кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
10. Башкы прокуратура шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылсын.