Түркиянын Кахраманмараш провинциясында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Түркиянын Табигый кырсыктар жана чукул кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) сайтында жарыяланган маалыматка караганда, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:31де катталган. Жер титирөөнүн очогу Пазарджик аймагында болгон. Очогу 7 километр тереңдикте болгон.
Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая AFAD кызматкерлери жана тиешелүү мекемелер кырдаалды жеринде көзөмөлдөөнү улантып жатканын жана учурда эч кандай терс жагдай байкалбаганын билдирди.