Бүгүн, 8-сентябрда президенти Садыр Жапаров Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Расмий делегациянын курамындагылар:
- Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
- Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев.