5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз улакчыларынын атаандаштары белгилүү болду

Астана шаарында башталган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз улакчыларынын атаандаштары белгилүү болду.

Көк бөрү:
“А” тобу — Казакстан, АКШ, Түркия;
“Б” тобу — Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия;

Көкпар:
“А” тобу — Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Кытай, АКШ;
“Б” тобу — Кыргызстан, Монголия, Венгрия, Түркия.

Белгилей кетсек, Астанада болуучу 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, ал эми 2022-жылы Түркияда өткөн. 2026-жылы Өзбекстанда өтө турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан