5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан биринчи болуп чыкты (видео)

Кыргызстан курамасы Казакстанда өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде биринчи болуп чыкты.
Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине мамлекет башчы Садыр Жапаров да барган.
Белгилей кетсек, 8-13-сентябрда Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, ага 89 өлкөдөн 2 миңден ашык спортчу катышат. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, ал эми 2022-жылы Түркияда өткөн. 2026-жылы Өзбекстанда өтө турган болду.

5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан биринчи болуп чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан