Мушкер Камил Шар бокс боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону болду.
Ал 67 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, чейрек финалда ирандык спортчуну, жарым финалда өзбекстандык мушкерди жеңип алды. Ал финалдык беттеште Украинанын боксчусун утуп, турнирдин алтын медалын тагынды.
Мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында болду.