14-сентябрда борбор калаада күзгү жалпы шаардык ишембилик өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чара салтка айланган 15-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлөт.
"Ишембиликте бөлүнгөн жана чектеш аймактардагы ирригациялык тармактарды, чарбакер субъекттердин, үйлөрдүн жанындагы жана жанаша аймактарын, ошондой эле шаардык парктарды, скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары 21-сентябрда жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт. Баарыңыздарды жалпы шаардык ишембиликке катышууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.