Чүй айылында жаңы төрөлгөн баланы таштап кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-декабрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында аталган айылдын 55 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал саат 20:30дар чамасында эшигинин алдына белгисиз бирөөлөр жаңы төрөлгөн баланы таштап кетишкенин айткан.
Айыл тургунунун айтымында, алар “Кечиргиле! Баланы багууга каражатым жок. Өз балаңыздай болсун” деген кат жазып, ымыркайдын баш кийиминин ичине калтырып кетишкен. Учурда ымыркай аймактык ооруканада. Алдын ала маалыматтарга караганда балага бир ай болгон.