Садыр Жапаров Орусиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде Сергей Вакунов өлкө башчыга Орусия менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашыруу Орусиянын мамлекеттик кызматкерлеринин жана коомдук ишмерлеринин ишмердүүлүгүнө баа берүүнүн башкы критерийи экенин баса белгилеген.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан