
Бишкек–Москва поезд каттамы ушул жылдын 18-декабрында жанданат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жол" мамлекеттик ишканасы бүгүн, 10-сентябрда билдирди.
Билдирмеге ылайык, 3-6-сентябрь күндөрү ишкананын адистери Москвада эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына катышкан.
Анда Орусия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынган. Ошондой эле ушул жылдын 18-декабрынан тартып Бишкек – Москва жүргүнчү поездинин каттамы калыбына келтирилери белгиленди.
Эскерте кетсек, бул поезддин багыты 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.
"2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат" деп билдиришти мекемеден.