Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Өзбекстан курама командасына жеңилип калды.
Оюн Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондо өтүп, 2:3 эсебинде Өзбекстандын пайдасында аяктады.
Кыргыз курамасынан голдорду Жоэль Кожо менен Одилжон Абдурахманов киргизди.
Бул үчүнчү турдук оюндардын алкагында Кыргызстандын экинчи жеңилүүсү. Буга чейин "Ак шумкарлар" Иранга 1:0 эсебинде утулган.