Кыргызстандын таяк тартыш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 8 медаль жеңди. Алардын алтоо алтын, 1 күмүш, 1 коло медалы. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы кабарлады.
Эркектер арасында 65 килограммга чейинки салмакта Уланбек Турганбаев, 70 килограммга чейинки салмакта Бекмурза Токтошев жана 105 килограммга чейинки салмакта Келдибек Атайбек уулу алтын медалга ээ болушса, 80 килограммга чейинки салмакта Элдос Айтбаев 2-орунду ээледи. Русланбек Чыныбек уулу 90 килограммга чейинки салмакта коло медалга ээ болду.
Кыз-келиндер арасында 55 килограммга чейинки салмакта Элза Абдыкадырова, 65 килограммга чейинки салмакта Адель Маданбаева жана 75 килограммга чейинки салмакта Назия Майлыбашева алтын медалдарды жеңип алышты.
Улуттук курама командалык эсеп боюнча 1-орунду ээледи. Мелдешке жалпы 33 өлкөнүн спортчулары катышты. Курама команда башкы машыктыруучулар Марат Раматов жана Эрмек Курманалиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.