“Манас” аэропортуна кетип бара жаткан жолдо Opel унаасынын 25 жаштагы айдоочусу 14 жаштагы кызды сүзүп алган. Жол кырсыгынан улам жабырлануучу ошол жерден көз жумган. Бул туурасында Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында катталган. Учурда айдоочунун үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.