Маданият министрлиги Сауд Арабия менен кызматташат

Маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Сауд Арабиянын Маданият министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда аталган министрликтен билдиришти.

Анда Бишкекте Сауд Арабиянын маданият борборун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Биз саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарыбызды жогору баалайбыз жана маданий борбордун курулушунун контекстинде сиздердин сапарыңыздар бул эки тараптуу мамилелерибизди чыңдоого өбөлгө болот”, - деди Чыңгыз Эсенгул уулу.

Сауд Арабиянын өкүлдөрү салына турчу маданият борбору ишке ашыруу бул эки өлкөнүн маданий алакасын өнүктүрүүгө маанилүү салым болуп, достук менен кызматташтыктын символу болорун баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан