Жергиликтүү кеңештерде депутаттардын санын көбөйтүү мыйзамы биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жергиликтүү кеңештерде депутаттык мандаттардын санын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев, Шаирбек Ташиев жана Айбек Маткеримов демилгелеген.

Маматалиев өлкө аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында, жергиликтүү кеңештерде калктын иш жүзүндөгү санына ылайык мандаттардын санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө айрым депутаттар Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин санын калктын санын эске алуу менен белгилеген норманы кайра карап чыгууну сунушташты.

Жогорку Кеңеш 11.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан