
Борбор калаадагы Юнусалиев көчөсүнүн эки кесилиши оңдоп-түзөөгө жабылат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы бүгүн, 11-сентябрда билдирди.
Маалымдалгандай, 12-сентябрда Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жаап, 13-сентябрда ачуу пландалууда.
Ал эми 13-сентябрда Юнусалиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши жабылып, 14-сентябрдан тарта ачылат.
Белгилей кетсек, 14-сентябрында Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.