Кыргызстандын жер улак боюнча курама командасы Астанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынынын көкпар боюнча сыйлоо аземинде нааразычылыгын билдиришти. Кыргыз спортчулары күмүш медалдарын чечип, пьедесталдан түшүп кетишти.
Жер улактын финалдык беттешинде кыргыз улакчылары казак атаандаштарына 4:5 эсебинде жеңилип калган. Бирок оюн бир катар суроо жараткан жагдайлар менен коштолду.
Анда калыстар казак курамасына тартып койгону айтылып, Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы нааразычылыгын билдирди.