Кыргыз-Өзбек чек арасындагы “Кара-Суу” өткөрүү пункту кайрадан ишке киргизилди

Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан “Кара-Суу” өткөрүү пункту кечээ, 12-сентябрда кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту – Кыргызстан тараптан Ош облусунун Кара-Суу шаарынын аймагында, ал эми Өзбекстан тараптан Андижан облусунда жайгашкан.

Көзөмөлдөө-өткөрүү пункту мындан 14 жыл мурда өз ишмердигин убактылуу токтоткон болчу. Учурда кайрадан ишке киргизилген бул пункт бардык талаптарга жооп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан