Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан жаа атуу боюнча 4 медаль жеңди

Жаа атуу боюнча улуттук курама Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 4 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Асел Садырова салттуу жаа атуунун түрк стили боюнча 2-орунду ээлесе, калкан стили боюнча коло медалга ээ болду. Ал эми Исхак Токонов түрк стили боюнча коло медаль тагынды. Мындан тышкары ат үстүндө жаа атуу боюнча Аида Акматова 3-орунду ээледи.

Курама команданы Алмаз Акунов жана Марат Мунарбек уулу жетектеп барды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан