Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жорго салыштан Чиксон Лок атуу кыргыз аты биринчи келди.
9 чакырым аралыктагы жорго салышта баш бейгени алган жылкы Жакыпбек Карыпбековдуку. Аны жарышта Чубак Жайлообек уулу чапты.
Ошондой эле мурдагы саясатчы Өмүрбек Бабановдун Императрица аттуу тулпары үчүнчү болуп келип, өлкө куржунуна коло байге сала алды. Бул жоргону мелдеште Нурэл Иранов чапты. Ал эми экинчи орунду Акжаан аттуу казак жоргосу ээледи.