Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев билим берүү, медицина, маданият, укук коргоо, сот тутуму, айыл-чарба жана башка тармактардын өкүлдөрүнө жана айрым мамлекеттик кызматкерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын жана "Жогорку Кеңешке 85 жыл" маарекелик медалдарын ыйгарды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мындан сырткары Жогорку Кеңештин аппаратынын бир нече кызматкерлери мамлекеттик-жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени менен сыйланышты.
Класстык ченди ыйгаруу жөнүндөгү күбөлүктү президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тапшырды.