28-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -13°C
Талас облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -13°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -11°C
Баткен облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -11°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -11°C
Нарын облусу. Күндүз -17°C, түнкүсүн -27°C
Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -10°C
Борбор калаада 2007-жылы дал ушул күнү абанын температурасы түнкүсүн -22.6°C болгон.