Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC 306 турниринде мексикалык Алекса Грассону жеңип, титулду кайтарып алган соң, кайрылуу жасады.
Анда ал күйөрмандарына ыраазычылык айтып, Кыргызстанга жакында келе тургандыгын билдирди.
“Мени колдогон бардык күйөрмандарыма, туулган күнөстүү Кыргызстаныма ыраазычылык билдиргим келет. Мен баарыңарды жакшы көрөм, кучактадым. Жакында көрүшөбүз деп үмүттөнөм",- деди Шевченко.