Рамис Кудайбергенов: Жалпы казак элине күнөө артуу дурус эмес

Жалпы казак элине сөз тийгизгенибиз туура эмес болуп калат. Мындай пикирди бүгүн,16-сентябрда Көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов маалымат жыйында билдирди.

"Коомдо ушундай абал болуп турат, сынды жалпы казак элинен бөлүп чыгып, көкпар системасындагы бир канча адамга айтсак туура болот. Себеби жалпы элге күнөө артыш дурус эмес. Жалпылап айтканда, уюштуруу иштери, бизге болгон мамиле, айтор, бардык тараптан жакшы деңгээлде болду. Бир гана калысты күнөөлөп жатышпайбы, жок андай эмес. Сиздер билиңиздер, ал жерде калыс эле эмес, толук система, бардыгы ошондой кылышты", - деди Кудайбергенов.

Ошондой эле ал оюн учурунда көптөгөн эреже бузуулар катталганын, анын ичинде видеодон көрүп далилдей ала турган, Кыргызстанда оюн учурунда андай болсо чоң чуу жарата турган 14 чоң эреже бузуу болгонун кошумчалады.

16.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан