Жылнаама. 28-декабрь: Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында тургандардын бири Жусуп Абдрахманов жарык дүйнөгө келген

*1901-жылдын ушул күнү Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында тургандардын бири Жусуп Абдрахманов жарык дүйнөгө келген. Ал 1920-жылдан тарта партиялык кызматка аралашып, 1924-жылы Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетинде жооптуу катчынын милдетин аткарган. Ал эми 1927-жылы Кыргыз автономиялык облусунун Элдик комиссарлар Кеңешине төрагалык кызматка дайындалып, 1938-жылы бейкүнөө атылып кеткен.

*Мындан 46 жыл мурун, 1967-жылы КРнын Вице-премьер-министри Камила Талиева Лейлек районуна караштуу Арка айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ар-намыс” саясий партиясынан депутат болгон. Ал эми 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри болуп дайындалган.

*1968-жылдын 28-декабрында Бейрут шаарындагы аэропорттордун биринде болгон рейд учурунда Израиль аскери 14 учакты жардырып жиберген. Ал учактар араб компанияларына тиешелүү болгон. 

*28-декабрь, 1908-жылы Сицилияда чоң жер титирөө катталып, 75 миңден ашуун адам каза болгон.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан