Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Чүйдөгү Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен тирешкен видео тарады. Аны эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
"Токмок шаарынын мэринин элдин суранычы менен барган эл өкүлүнө жасаган мамилеси", - деп жазды ал.
Кокулов Токмок шаарына жарандардын көйгөйүн угуу үчүн барган. Видеодон аны талкуулаганы калаа башчысынын иш бөлмөсүнө барып, маселени талкуулаганы экөө чогуу жерине келгенин, жеринде алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, кайым айтышканын көрүүгө болот.
Депутат суроо берип жатканда мэр андан үнүн бийик чыгарбай сүйлөөнү талап кылды.
Кокулов: Сиз кызыксыз го. Жанатан бери эле мага мындай-тигиндей деп эле.
Нусувалиев: Сиз эмне деп сүйлөп атасыз анан?
Кокулов: Мен Жогорку Кеңештин депутатымын.
Нусувалиев: Эмне кылайын?
Кокулов: Сиз Жогорку Кеңештин депутаты сүйлөп жатканда сүйлөбөй токтоп туруңуз.
Нусувалиев: Макул. Сиз кыйкырбай маданиятты сактап сүйлөңүз.
Кокулов: Мен сизге кыйкырган жокмун.
Нусувалиев: Кандай кыйкырган жокмун?
Кокулов: Мен сизге кыйкырган жокмун, Максат мырза. Сиз жанатан бери эле мага эмне кылып жатасыз билбейм.
Нусувалиев: Биринчиден, колуңузду чөнтөктөн чыгарып сүйлөшүңүз!
Кокулов: Мен жумушумду аткарып жатам. Колумду чөнтөгүмө саламбы же салбаймбы, ал сиздин ишиңиз эмес! Макулбу?
Нусувалиев: Макул. Маданиятты сактагылачы.
Кокулов: Сиз суроомо жооп бергиңиз келбесе кете берсеңиз болот.
Нусувалиев: Анда эмнеге чакырдыңар?
Кокулов: Мен сизди суроолорума жооп берсин деп чакырдым.
Нусувалиев: Мен сиздин суроолоруңузга жооп берип жатам. Сиз жоопту укпай кетип калып жатасыз.
Кокулов: Жанатан бери эле атырылып жатасыз.
Нусувалиев: Ким атырылып жатат? Сен атырылып жатасың го.
Кокулов: Сиз деп сүйлөңүз!
Нусувалиев: Сен дагы сиз деп сүйлө! Жанатан бери сен деп эле сенсиреп жатасың.
Кокулов: Максат мырза, рахмат келип бергениңизге! Бара берсеңиз болот.
Нусувалиев: Мен сизден уруксат сурабайм.
Андан соң эл өкүлү тиешелүү башка жетекчи, кызматкерлер менен сүйлөшүүгө өттү. Кийин суроо-жооп учурунда мэр менен депутат кайрадан тиреше кетти. Соңунда Кокулов нааразы болуп кетип калган.