Оштун борбордук стадионундагы курулуш иштери дээрлик бүтүп калды

Ош шаарындагы борбордук стадиондун үстү жабылып, гибриддик оюн талаасы жасалууда. Бул туурасында кечээ, 17-сентябрда мэриянын маалымат камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондун отургучтарынын үстүн жабуу иштери дээрлик аяктап калды. Аны менен бирге стадиондун кире беришине таман таштар төшөлүп, жарыктандыруусу жана чуркоо аянтчасы, гибриддик футбол талаасы эл аралык талаптарга ылайык келтирилет.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жасалып жаткан иштердин жүрүшүн көрүп чыкты. Шаар тургундарына жана спорт сүйүүчүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги максат экенин белгилеп, жумуштарды өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Мэриядан белгилегендей, курулуш иштерин 5-октябрь шаар күнүнө карата бүткөрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан