Астанада өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жер улактын финалындагы адилетсиздик менен эсте калары талашсыз. Дүйнө коомчулугу күбө, финалдагы Кыргыз-Казак беттешинде казак оюнчулары кайра-кайра эреже бузуп, кыргыз оюнчуларын камчылап, жеңден тартып, тизгин менен муунтуп, айтор, таза күч сынашуудан ачык эле качышты. Оюнга калыстык кылгандар да буга көз жумуп, эптеп жеңишти Казак курамасына алып берип тынышты. Таблодо 5:4 деп жазылып, "казак жер улакчылары жеңди" деп жарыяланганы менен бул жеңишке кубангандар көп болгон жок. Жеңилсе да кыргыз оюнчулары башты бийик көтөрүп, оюн талаасынан Кыргыз желегин бийик желбиреткен бойдон чыгып кетишти.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 20-сентябрда чыккан жаңы – №1137 санынан окуй аласыз.