Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин сот тутумунун жетекчилерин кабыл алды

Бүгүн, 20-сентябрда президент Садыр Жапаров "Ынтымак Ордодо" бир катар чет өлкөлөрдүн сот тутумунун жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун төрагасы Өмер Керкез, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов, Молдованын Жогорку сот палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Стела Прокопчук, Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун төрагасы Алексей Дронов, КМШнын Экономикалык сотунун төрагасы Андрей Плотников, Кытайдын Жогорку элдик сотунун төрагасынын орун басары Дэн Сюмин, Беларустун Жогорку сотунун биринчи орун басары Валерий Калинкович, Казакстандын Жогорку сотунун жазык иштери боюнча коллегиясынын төрайымы Назгүл Рахметуллина, Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Саидали Сабзали, Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шухрат Полванов, Армениянын Кассациялык сотунун Коррупцияга каршы палатасынын төрагасы Артур Давтян жана Европа комиссиясынын демократия үчүн укук боюнча вице-президенти (Венеция комиссиясы) Вероника Билковаларды кабыл алды.

Анда өлкө башчы сот органдарынын жетекчилерине Кыргызстандын сот тутумунун 100 жылдык мааракеси – мамлекеттин өнүгүү жолундагы тарыхый окуя экенин айтты. Буга байланыштуу ал бул тарыхый окуяга жогорку даражалуу коноктордун катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Садыр Жапаров ар бир мамлекеттин өнүгүшүндө сот системасынын ролу жогору экенин белгилеп, Кыргызстандын сот тутуму, анын ичинде судьялар менен сот системасынын кызматкерлери укуктук мамлекеттин калыптанышына баа жеткис салым кошуп, жарандардын мыйзамдуу укуктары менен эркиндигин ишенимдүү коргоп келатканын айта кетти", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстан башка мамлекеттер менен көп тараптуу интеграциялык процесстерди толугу менен колдой турганын кошумчалады. Буга байланыштуу ал боордош өлкө жана стратегиялык өнөктөш санаган мамлекеттер менен достук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн укуктук, маданий, гуманитардык жана илимий тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө болгон күч-аракет жумшалып жатканын айтып өттү.

Жыйындын соңунда Садыр Жапаров жолугушууга өкүл болуп келген өлкөлөр менен кызматташуунун зор потенциалы бар экенине ишеним билдирип, бул багытта иштерди улантуу зарылчылыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан