ейиште экенине ынандым". Салтанат Нукенованын апасы кызын эскерип таасирдүү пост жазды 

Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин колунан каза тапкан маркум Салтанат Нукенованын апасы кызын эскерип, Инстаграм баракчасына пост жазды.

Анда Жумагүл Нукенова кызынын бейишке киргенине ынанганын билдирди.

"Мен акыркы айларда кызымдын аты менен ойгонуп, кызымдын аты менен уктап жатам. Салта дайыма менин оюмда, денемдин ар бир клеткасында. Менин жан дүйнөмдөгү оору калган жашоомдун ажырагыс бөлүгү болуп калды, биздин үйдүн күнү, руху өчтү.

Мен Астанада балдарынан айрылган энелер менен жолуктум. Алар менен болгон жолугушууда бардык сезимдерди сездим, мен дагы бир жолу Салтамдын бейиште экенине ынандым. Ошондой эле ар дайым Салтаны жана биздин үй-бүлөнү жакшы көрүп, колдоо сөздөрдү азыркыга чейин калтырып турасыздар, баарыңыздарга чын жүрөктөн рахмат", - деп жазган Жумагүл Нукенова.

Эске салсак, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.

Бишимбаев Астанадагы СИЗОдон жазасын өтөп жаткан жерге которулган. Ал өндүрүштө жумушка орношсо колонияда канча айлык ала алары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан