Маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирген камактагыларга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түрмөдөгү А.О. жана Т.А. аттуу эки жаран дагы бир соттолгон адамдан опузалап бир миллион сом талап кылышкан.
Жаза аткаруу кызматы аталган факты боюнча кылмыш иши козголгонун жана айыпталуучулардын башка шериктерин аныктоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Учурда тергөө иштери уланууда.