Кечээ, 27-декабрда Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу 8-класстын окуучусун сүзүп алды. Денесинен ар кандай жаракаттарды алган жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул жол кырсыгы Шабдан баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын маалыматына караганда, учурда унаа айып жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.