Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү боюнча арызы каралды.
Жыйында депутат Гуля Кожомкулова Акаевдин арызы боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүп, тыкыр карап чыгууну сунуштады.
Жыйынтыгында комитет Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын четке какты. Ал эми Акаевдин арызын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.
Белгилей кетсек, 5-сентябрда Аскар Акаев "экс-президент" макамын кайтаруу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылгандыгы маалым болгон.
Аскар Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин качып кеткен. Ал УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2021-жылы 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген. Анда мурдагы мамлекет башчы тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн моюнуна алган.
Ошондой эле "Кумтөр" ишиндеги кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.
Ал эми 19-майда Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева экөө Казакстан аркылуу Кыргызстанга киргени маалымдалган. Кийинчерээк анын тарапташтары Акаев Кыргызстандагы университеттерде лекция окуй тургандыгын билдиришкен. Андан соң ошол кездеги билим берүү министри Каныбек Иманалиев Акаевдин пландаган лекцияларынын бардыгы жокко чыгарылгандыгын айткан.
Тунгуч президент пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга келүүнү пландап жаткандыгын да айткан болчу.