"Элдик курултай жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу комитетте колдоо тапты

Бүгүн, 24-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин отурумунда “Элдик курултай жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү" тууралуу мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Демилгечи - Элдик курултай. Мыйзам долбоору тууралуу маалымат берген Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев мыйзамда бир топ карама-каршылыктар бар экенин айтып, делегаттарды бир жылга шайлоо максатка ылайык болорун билдирди.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Ашырбаев Министрлер кабинети Элдик курултайдын делегаттарын бир жылдык мөөнөткө шайлоо боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору быйыл март айында коомдук талкууга коюлган. Анда 700 делегат курултайды өткөрүү мезгилине гана шайланса, эми аларды бир жылдык мөөнөткө шайлоо сунушу жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан