Бишкектеги жол кырсыгынан 3 жашар кыз жабыркады. Бул турасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-декабрь күнү 09:50 чамасында 26 жаштагы Надира Лексус үлгүсүндөгү унаасы менен жол жээгиндеги бакты сүзүп алган. Унаанын ичинде айдоочунун 3 жашар кызы дагы болгон. Ал денесинен ар жеринен жараат алып, ооруканага жеткирилди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу спирт ичимдигин ичип алган.