Садыр Жапаров Финляндиянын президенти менен жолугушту

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында Финляндиянын президенти Александер Стубб менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, анда кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланды. Жапаров 2025-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда (ЕККУ) төрагалык кылуу Финляндияга өтүп жаткандыгы менен куттуктап, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө ат салышып жатканын билдирип, Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде Александер Стубб өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, диалогго даярдыгын билдирди. Ал Финляндия эл аралык коопсуздукту чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин айтып, көп тараптуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий өз ара аракеттенүүнүн мындан ары да бекемделишине ишенимин билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан