Камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров бүгүн, 25-сентябрда Facebook баракчасы аркылуу атасынын Жогорку Кеңешке жазган кайрылуусун жарыялады.
Анда Бекназаров парламентти тунгуч президент Аскар Акаевдин "экс-президент" макамын кайтаруу маселесин кылдат кароого чакырган. Ошондой эле ал өзүнүн кармалышын дагы ушул окуя менен байланыштырган.
"Менин азыр күтүлбөгөн жерден камакка алынышыма себеп жакында качкын президент Акаевдин “экс-президент” статусунун Жогорку Кеңеште каралышына байланыштуу экени ачыкталууда!
Урматтуу депутаттар, Акаевдин маселесин кароодо мени да чакырып, бетме-бет отургузуп карасаңар тарыхый адилет чечим болот деп сиздерге кайрылгам. Ошондон кийин дароо камалдым. Мени эмне үчүн камады, өзүм да түшүнбөй отурам. Мени сураган орган, депутат жок! Баары Акаев, Бакиев менен алек! Жок дегенде Убактылуу өкмөт тарабынан 2010-жылдын август айында Акаевдин кол тийбестиги, "экс" статусу боюнча кабыл алынган №120 декретти окуп, анан добуш берсеңер деп суранам", - деп жазылган катта.
Саясатчы эгер Акаевдин "экс" статусу кайтарылса мурда анын мамлекетке алынган мүлктөрү дагы кайтарылууга тийиш болуп каларын белгилеген.
"Эгерде сиздер тарыхты бурмаласаңар, тарых сиздерди пушка менен атат. Албетте, Акаевдин маселесин кароо өз укугуңар. Анда Бакиевдикин, Атамбаевдикин да карагыла калыстык үчүн.
Анда Акаев мамлекеттин эсебинен курдурган, азыр Башкы прокуратура отурган мейманканасын, "Ынтымак" паркы жайгашкан жери менен, азыр Манас академиясы жайгашкан 1-президенттин үйүн, китепканасы менен, Майрам Акаеванын "Алтын балалык" баш болгон "Мээрим" фондун ондогон объектилерин, үй-бүлөсүнө, жакындарына тиешелүү болгон Шампанвинкомбинат, арак-ликер завод, Бител, Мегаком, Нооруз жана башка дагы ондогон объектилерин кайтарып бергиле. Сиздер экс-президент статусун кайтарып бергенден кийин Акаев жана анын үй-бүлөсү бир эле резиденциялардан үй, айлык акы, унаа, жан сакчы алып, элдин эсебинен жашабайт, баарын кайтарып бересиңер, же кайтарып алууга ал укуктуу болот", - деген Бекназаров.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Аскар Акаевдин "экс-президент" макамын кайтарып алуу боюнча жазган арызы каралат.