Нарын облусунун Ат-Башы районунда 47 жаштагы Назира Сейитова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 28-майында Ак-Муз айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү кара, чачы кара, узун, каратору.
Кийген кийимдери: башында чаар жоолук, көк түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү шым, бутунда кара, кыска маасы-көлөч.
Өзгөчө белгилери: оң буту тизесинен ылдый протез.
Жогорудагы жаран тууралуу маалымат билгендер төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0999 10 60 70, 0700 10 60 44, (102, 03534 23283)