Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Терек айылындагы Аметжан Абдымомунов атындагы мектептин короосундагы эски имарат өрттөнүп кетти. Азырынча тилсиз жоонун келип чыгуу себептери аныктала элек. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттү айыл тургундары өздөрү өчүрүшкөн. Алар өрт өчүрүү кызматына кабарлашкан эмес.