Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тунгуч президент Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызы каралып, депутаттар аны четке какты.
Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе боюнча коомчулукта ар кандай талкуулар жүрүп жатканын белгиледи.
“Айрыкча жарандар бул арыз боюнча депутаттар кандай чечим кылат деп күтүп жатышты. Бирок мен буга чейин да, бүгүн да добуш берүүгө эч кандай таасирим тийбесин деген ойдо пикиримди айткан жокмун”, - деди төрага.
Ошондой эле ал эгемендүүлүк алган жылдарда өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга тушукканын айтты.
“Жасалган иштердин жакшысынан жаманы арбын болду. Мында биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү чоң экени анык”, - деди Шакиев.
Мындан тышкары ал Аксы районунан шайланган эл өкүлү катары аксылыктардын аталган маселеге карата катуу тынчсызданып жатканын айтты.
“Парламент туура чечим кабыл алдык деген ойдомун. Эми буга тарых жана эл өз баасын берет”, - деди төрага.