Николас Боулер: Улуу Британиянын айрым жогорку окуу жайлары Бишкекте филиалдарын ачууга даяр

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

"Улуу Британиянын жогорку окуу жайларынан билим алууга умтулган студенттерге квотаны көбөйтүү маселесине элчи катары өзгөчө көңүл бурасыз деген ишеничтемин”, – деди Шакиев.

Өз кезегинде элчи айтылган сунуштарды эске аларын белгилеп, эки тараптуу алакалардын учурдагы абалына токтолду. Анын ичинен кыргызстандыктарды Улуу Британияда иш менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү 2029-жылга чейин узартылганын айтты.

“Былтыр 10 миңге жакын кыргызстандык жаран иштеп келди. Бул чет өлкөлөр үчүн бөлүнгөн квотанын 25 пайызын түзөт. Ошондой эле студенттер үчүн да квоталар 2 эсе көбөйтүлүп, алдыңкы окуу жайларда окууну каалаган кыргызстандыктарга стипендиялык программалар сунушталууда”, – деди Николас Боулер.

Мындан тышкары ал Улуу Британиянын айрым жогорку окуу жайлары Бишкекте филиалдарын ачууга даяр экендигин, Кыргызстандагы мектептерди англис тилиндеги окуу китептери менен камсыздоо аракети көрүлүп жатканын маалымдады.

Жолугушууда сөз эркиндигине байланышкан маселелер да талкууланып, төрага Шакиев батыштагы өнөктөштөр, анын ичинен Улуу Британия мамлекети аталган маселеде тынчсызданбашы керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан