Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

Токмок шаарында 28-декабрь күнү саат 01:30 чамасында Жантаев көчөсү менен Пионер көчөсүнүн кесилишинде оор жүк ташуучу унааны Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа сүзүп алды. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болгон. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жол кырсыгы болгон жерге КРнын ӨКМнын Токмок шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, каза болгон адамды унаанын ичинен чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан