Бүгүн, 26-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде мурдагы премьер-министр Апас Жумагуловдун портретинин Ынтымак-Ордого илинишинин себебин түшүндүрдү.
Анын айтымында, Жумагуловдун өлкө жаңы эгемендик алган жылдары мамлекетти түптөөгө кошкон салымы чоң болгон.
"Биринчиден, Апас Жумагулов СССРдин “закалкасын” алган саясий ишмер. Экинчиден, СССР чачырагандан кийин Кыргызстан жаңы түптөлө баштаганда Аскар Акаев жетектеген бийликте премьер-министрлик кызматын аркалап, эриш-аркак жаңы мамлекетти түзүүгө чоң салымын кошкон адам. Ал мезгилде жаңы баш мыйзам жана ага ылайык мыйзамдар кабыл алынган, өзүбүздүн сомубуз жүгүртүүгө берилген. Азыркыга чейин күчүн жоготпой турат. СССР тарай электе Кыргыз CCРинин өзүнүн мамлекеттик тили болуш керек деп Кыргыз тил мыйзамын киргизишкен. Мамлекетибиз дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирген жана башка дагы бир далай жакшы иштерди жасашкан. Мунун баарын азыркы жаш муун билбей калды. Орто жаштан жогоркулардын баары билишет.
Жаңы мамлекетти түптөш оюнчук эмес. Жаңы мамлекетти түптөгөндү бул жакка коёлу, бери жагы эле башымдан өткөн адам катары айтайын. Үчүнчүдөн, Апас Жумагулов таза иштеген премьер-министр болгон. Бүгүн 90 жашка чыгып отурат. Кыргыз эл баатыры. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Ал эми башка премьер-министрлер жөнүндө жооп бербей эле коёюнчу", - деген Жапаров.