Жекшембиде борбордогу бир катар көчөлөр жабылат (тизме)

29-сентябрда Бишкекте бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону "Snow Leopard Run 2024" өтөт. Иш-чара "Ала-Тоо" аянтында 4500 адамдын катышуусунда болот. Бул тууралуу мэрия маалымдады.

Буга байланыштуу бул күнү саат 6:00дөн баштап төмөнкү көчөлөр жабылат:

  • Чүй проспекти Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
  • Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
  • Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
  • Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Иш-чараны “Nomad Sport” коомдук бирикмеси уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан