Акылбек Жапаров: "Кыргызстан экономикалык өнүгүүдө “илбирс секирикке” жетишүү үчүн Кытайдын модернизациялоо тажрыйбасын эске алат"

Бүгүн, 26-сентябрда Кытайдын 75 жылдыгына карата салтанаттуу кабыл алуу болуп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы Дэн Сяопиндин жетекчилиги астында Кытайдын ийгиликтүү модернизация жолун жана барган сайын көбүрөөк мамлекеттерди бириктирген “Бир алкак, бир жол” демилгесинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын контекстинде Кытай тажрыйбасынын Кыргызстан үчүн актуалдуулугун кошумчалады.

«Учурда Кыргызстанда кыргыз элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу экономикалык реформалар жүргүзүлүүдө. 1000 чакырымдан ашык чек арага ээ болуп, экономикалык реформаларды жүргүзүп жаткандыктан, биз Кытай Эл Республикасынан да көп нерсени үйрөнүп жатабыз. Конфуцийдин бир жакшы сөзүн эске салгым келет: “Үч жол билимге алып барат: ой жүгүртүү жолу – эң асыл жол, тууроо жолу – эң жеңил жол, тажрыйба жолу – эң татаал жол”. Биз абдан татаал жолду, социализм менен капитализмге так бөлүнгөн доорду басып, рынок экономикасына өттүк. Эми экономикалык өнүгүүдө “илбирсттик секирикке” жетишүү үчүн Кытайдын модернизациялоо тажрыйбасынан үйрөнө алабыз”, - деди Жапаров.

Ал “өзгөчө акыркы үч жыл кыргыз-кытай кызматташтыгында “бурулуш” болгонун” кошумчалап, 2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү дээрлик 20 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

«Бедел өткөрүү пункту тарыхый жол жана экономиканын жаңы дарбазасы. Жакынкы келечекте бул эл аралык транспорттук-логистикалык коридорго айланат деп ишенем. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору биз үчүн абдан маанилүү долбоор. Биз үч тараптуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюу менен долбоордун саясий фазасын ийгиликтүү аяктадык. Жакында темир жолдун курулушу башталат», - деди ал.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына ишенимин билдирип, эки өлкөнүн биргелешкен аракети эки элдин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан