ИИМ Майлуу-Суудагы лицейдин директорунун милдетин аткаруучусун жана мастерди кармады

Студенттен опузалап пара алган кесиптик лицейдин өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

23-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну 2005-жылы туулган М.А. арыз менен кайрылган. Анда Майлуу-Суу шаарында жайгашкан кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу М.Э. мамлекеттик экзаменге киргизүү менен дипломун жана аттестатын берүү максатында андан 10 миң сом акча каражатын пара катары талап кылып жаткандыгын билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен козголгон.
Бул боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында орун алган кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу, 1956-жылы туулган М.Э. жана ошол эле лицейдин ага мастери 1960-жылы туулган Б.М. арыз ээсинен 10 миң сом пара катары акча алып жаткан мезгилде кылмыш үстүндө кармалган.
Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан